Бөлүмдүн башчысы
- Кыргыз Республикасы 720007, Бишкек ш., Москва көч.,172, 315-кабинет
- +996 312 31 71 40
Бөлүмдүн максаттары
- Билим берүү иш-аракеттеринин сапатын жогорулатуу, билим берүү программаларын ички баалоону жүргүзүү жана билим берүү программалары үчүн лицензиялоо жана аккредитациялоо процесстерин уюштуруу.
- Билим берүү процессинде сапаты ички көз карандысыз баалоо механизмдерин ишке киргизуу
- Улуттук мыйзамдарды, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин билим берүү жана илим жаатындагы жоболорунун, ошондой эле лицензиялоо жана аккредитациялоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө.
- Аккредитациялоо процедураларын документтик колдоону уюштуруу жана камсыз кылуу.
Бөлүмдүн милдеттери
- Бардык университеттин билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациялоого даярдоону уюштуруу, координациялоо жана көзөмөлдөө.
- Бардык деңгээлдерде билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн мыйзамдык талаптардын, лицензиялоо эрежелеринин жана аккредитациялоо критерийлеринин сакталышын камсыз кылуу максатында университеттин ишмердүүлүгүнө ички аудит жүргүзүү.
- Билим берүү процессин жөнгө салуу үчүн ички аудиттин негизинде аналитикалык материалдарды даярдоо.
Университеттин өзүн-өзү баалоосуна даярдануу үчүн жол-жоболорду жүргүзүү. - Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу статистикалык жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу.
- Бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилиги жана университеттин кызматкерлери менен өз ара аракеттенүү.
Кызматкерлер
Мамбеталиев Урмат Зарлыкович
Сапат жана мониторинг бөлүмүнүн адиси

