Далилдүү медицина принциптериндеги илимий-изилдөө иши

«Роэль Метрополитен Университет» билим берүү мекемесинде илимий ишмердүүлүк академиялык процесстин негизги компоненти болуп саналат.

Университеттин изилдөө саясатынын негизинде далилдүү медицина (Evidence-Based Medicine) принциптерине берилгендик жатат, бул алынган натыйжалардын объективдүүлүгүн, кайталануучулугун жана клиникалык ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.

Илимий иштин артыкчылыктуу багыттары:
Билим берүү мекемеси “РМУ” илимий-изилдөө ишмердүүлүгү системалуу мүнөзгө ээ болуп, төмөнкү тармактарга илимий негизделген ыкмаларды киргизүүгө багытталган:

  • Айлана-чөйрөнүн ден соолукка тийгизген таасири: Климаттык өзгөрүүлөрдүн адамдын физикалык жана психофизиологиялык абалына тийгизген таасирин изилдөө. Ар кандай курактагы адамдардын өзгөрүлүп жаткан айлана-чөйрөгө адаптация механизмдери заманбап биостатистикалык ыкмалар аркылуу изилденет.
  • Социалдык багыттагы медициналык технологиялар: Калктын ден соолугун сактоого жана медико-социалдык колдоонун натыйжалуу механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган илимий негизделген чараларды талдоо жана иштеп чыгуу.
  • Далилдүү фармакотерапия: Социалдык мааниге ээ ооруларда дары-дармектердин натыйжалуулугун жана коопсуздугун изилдөө. Өзгөчө көңүл фитопрепараттардын терапиялык потенциалын клиникалык изилдөөлөрдүн негизинде талдоого бурулат.
  • Профилактика жана эпидемиологиялык көзөмөл: Инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча изилдөөлөрдү далилдүү эпидемиология принциптерине таянып жүргүзүү.

Илимий-басма базаны өнүктүрүү жана академиялык этика:
Университет изилдөөлөрдүн далилдик базасын бекемдөөгө жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталган иш-чараларды системалуу түрдө жүргүзөт:

  • Басма ишмердүүлүгү: 2022-жылдан бери ББМ “РМУ” «Royal Health Review» илимий журналын чыгарып келет, ал текшерилген илимий маалыматтарды жарыялоого жана медициналык адабияттарды критикалык талдоо принциптерин жайылтууга кызмат кылат.
  • Жарыялоо активдүүлүгүн стимулдаштыруу: Сапатты башкаруу системасынын алкагында « профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысын төлөө жөнүндө жобо» киргизилип, эл аралык абройлуу маалымат базаларында (Scopus, Web of Science, РИНЦ) жарыяланган илимий эмгектер үчүн кошумча төлөмдөр каралган. Бул кызматкерлерди дүйнөлүк далилдүүлүк стандарттарына жооп берген сапаттуу изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шыктандырат.

Илимий-практикалык иш-чаралар жана үзгүлтүксүз өнүгүү:
Окутуучулардын жана дарыгерлердин жогорку деңгээлдеги компетенцияларын сактоо максатында университет үзгүлтүксүз төмөнкү иш-чараларды уюштурат:

  • Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы, биостатистика жана клиникалык маалыматтарды критикалык баалоо боюнча методикалык семинарлар жана мектептер.
  • Эл аралык актуалдуу сунуштамаларга негизделген диагностика жана дарылоодо санариптик технологияларды колдонуу боюнча тренингдер.
  •  Кыргызстандык жана чет өлкөлүк далилдүү медицина адистеринин катышуусунда лекциялар цикли.

“Роэль Метрополитен университети” ОУ далилдүү медицинанын принциптерин окуу жана изилдөө процесстерине интеграциялоо аркылуу жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону жана саламаттык сактоонун актуалдуу маселелерин ийгиликтүү чечүүнү максат кылган илимий-билим берүү борбору катары туруктуу өнүгүүдө.