Бөлүмдүн башчысы
Кадырбекова Эльмира
- Кыргыз Республикасы 720007, Бишкек ш., Москва көч.,172, 110-кабинет
- +996 999 31 71 40
- rmu.kg@mail.ru
Бөлүмдүн максаты
Бөлүмдүн негизги максаты — университеттин эл аралык кызматташтык программаларына катышуусун уюштуруу жана координациялоо аркылуу билим берүү программаларынын сапатын жогорулатууга жана университеттин эл аралык аброюн бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүктү камсыз кылуу.
Бөлүмдүн милдеттери
- Университеттин эл аралык ишмердүүлүгүнө уюштуруучулук, усулдук, маалыматтык жана консультациялык колдоо көрсөтүү;
- Окуу жайына келген чет өлкөлүк студенттер үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо жана коштоп жүрүү иштерин камсыз кылуу;
- Эл аралык жана региондук билим берүү мекемелери менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү;
- Чет өлкөлүк жана жергиликтүү университеттер, ошондой эле башка билим берүү уюмдары менен кызматташтыкта жаңы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- Эл аралык билим берүү рынокторунда университет тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын көлөмүн жана сапатын жогорулатуу;
- Илимий-педагогикалык кызматкерлердин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- Чет өлкөлүк студенттерди тартуу максатында маалыматтык-агартуу жана жарнамалык иш-чараларды уюштуруу;
- Университеттин өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө оң имиджин калыптандыруу жана илгерилетүү.
Эл аралык кызматташтык
Эл аралык өнөктөштүк — «РМУ» билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири болуп саналат. Анын максаты — чет өлкөлүк студенттерди тартуу, ошондой эле окутуучулук курамдын эл аралык деңгээлде кесиптик өсүшү жана өз ара кызматташтыгы үчүн шарт түзүү болуп эсептелет.
Эл аралык кызматташтыктын негизги багыты — ар кандай мамлекеттердин университеттери менен туруктуу байланыштарды орнотуу жана колдоо, чет өлкөлүк студенттер менен кызматкерлерге паспорттук-визалык маселелер боюнча кызмат көрсөтүү жана керектүү документтерди даярдоодо көмөк көрсөтүү.
Университеттин ишинде эл аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү — бул өсүштүн, мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейишинин, тажрыйба жана билим алмашуунун маанилүү фактору болуп саналат.
«РМУ» билим берүү мекемесинин негизги милдеттеринин бири — университеттер жана илимий-билим берүү мекемелери менен эл аралык байланыштардын натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу болуп саналат.
Кызматкерлер
Жээнбекова Эдиса Жээнбековна
Башкы адис
Намырбекова Алима Аманатовна
Адис

