Роэл Метрополитен Университетинде Ишембилик  өткөрүлдү

Роэл Метрополитен Университетинде Ишембилик өткөрүлдү

2026-жылдын 14-мартында Роэл Метрополитен университетинде кызматкерлер, окутуучулар жана администрация өкүлдөрү катышкан ишембилик – тазалоо иш-чарасы өттү.

Иш-чарага университеттин айланасындагы аймакты тазалоо жана сугат арыктарын тазалоо кирди. Катышуучулардын биргелешкен аракеттери аймактын санитардык абалын бир топ жакшыртып, университеттин айланасын көрктөндүрүүгө салым кошту.