РМУда «Эл аралык эне тили күнү» белгиленди
Жыл сайын 21-февралда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык эне тили күнү белгиленет. РМУда бул майрамды белгилөө салтка айланган. Биздин университетте бул күнгө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты студенттерди Эл аралык эне тили күнү менен тааныштыруу, эне тилине камкор мамиле жасоону, өз тилине сыймыктанууну жана ата-бабаларына, элине жана маданиятына таандык болуу сезимин калыптандыруу болгон.
Доцент Д.Т. Давлетбакова, доцент А.Б. Даакыбаева, доцент Д.Т. Абдыкадырова жана улук окутуучу Н.Т. Джекишева тарабынан биринчи жана төртүнчү семестрлердин студенттери менен уюштурулган майрамдык иш чарага улуттук кийимдер жана музыкалык номерлер иш-чарага өзгөчө майрамдык көрк кошту.
Эл аралык эне тили күнүндө бардык тилдер бирдей деп таанылат, анткени ар бири уникалдуу. Кыргызстанда расмий тил – кыргыз тили, бирок биздин өлкөнүн мыйзамы улутту түзгөн бардык этникалык топтордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо жана аны изилдөө жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугун кепилдейт.
Ар бир элдин өзүнүн уникалдуу жана кайталангыс тили бар, ал өзү менен бирге бүтүндөй мурасты алып жүрөт. Ар бир өлкөнүн тургундарынын өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү, каада-салттары жана маданияты бар, жана алардын тили ушулардын түздөн-түз чагылдырылышы болуп саналат. Ал элдин бүтүндөй инсандыгын чагылдырат, ошондуктан эне тил чыныгы сыймыктын булагы болуп саналат. Ал эми Эне тил күнү – абдан маанилүү жана зарыл майрам.







