Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору жана  кафедра башчылары учун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу темасына арналган окуу   жумалыгы болуп өттү

2026-жылдын 26-январынан 2-февралына чейин Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору жана  кафедра башчылары учун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу тууралуу Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу темасына арналган окуу   жумалыгы болуп өттү. Бул иш чарага «РМУ» Билим берүү мекемесинин окуу жана административтик иштер боюнча проректору Уразалиева Н. А. жана Табигый жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы Субанов М.Т.   катышышты.

Бул жумалыкта аталган темадагы окуу иштеринен башка дагы калкыбыздын илимий-чыгармачыл дараметин арттыруу максатында, уңгужолдун негизги багыттары болгон таалим-тарбия, илим, билим жана маданият, мамлекеттик тил, укук, жаратылышты коргоо, экономика жөнүндө бир катар талкуу болуп өттү.