Студенттерге бетти жапкан кийимдер жөнүндө түшүндүрүү иш-чарасы
21-ноябрь 2025 жыл “Роэль Метрополитен университетинде” 1-10-семестрдеги студенттер үчүн коомдук коопсуздукту сактоо үчүн маанилүү болгон жүзүн толугу менен жашырган (никаб, бурка) кийим кийүү мыйзамына арналган иш-чара болуп өттү.
- Студенттерге Мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн жашырган кийимдерди кийүүгө тыюу салган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-1-беренеси түшүндүрүлдү.
- Бардык студенттерге университеттин администрациясынан Мыйзамдын талаптарын сактоо жөнүндө расмий билдирүү жөнөтүлөт.
- Жыйынтык: студенттер мыйзамдар менен таанышып, керектүү маалыматтарды алышты.
Иш-чара студенттердин Мыйзам жана анын коомдук коопсуздукту сактоо жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелери жөнүндө билимин бекемдөөгө жардам берди.



