Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн ««Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташуусуна кирген өлкөлөрдүн дары-дармектерди жөнгө салуучу органдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү»» аттуу эл аралык семинар

Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн ««Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташуусуна кирген өлкөлөрдүн дары-дармектерди жөнгө салуучу органдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү»» аттуу эл аралык семинар

2025-жылдын 13–14-ноябрында «Роэль метрополитен университети» билим берүү мекемесинин «Морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар» кафедрасынын фармацевтика илимдеринин доктору, профессор И. З. Исмаилов Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн ««Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташуусуна кирген өлкөлөрдүн дары-дармектерди жөнгө салуучу органдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү» аттуу эл аралык семинарга катышты.

Иш-чаранын алкагында профессор Исмаилов «Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу» аттуу презентация менен чыгып сүйлөп, учурдагы нормативдик-укуктук база, дары-дармектердин сапатын, коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча улуттук ыкмалар, ошондой эле регулятордук тутумду өркүндөтүүгө багытталган демилгелер тууралуу маалымат берди.

Семинарга катышуунун негизги максаты — дары-дармек жана медициналык буюмдардын жүгүртүлүшү тармагында регион өлкөлөрүнүн регуляторлорунун ортосунда тажрыйба алмашуу жана кесиптик байланышты чыңдоо болду. Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар туруктуу регионалдык кызматташтыкты бекемдөөгө жана тиешелүү жөнгө салуучу органдар ортосунда ыкмаларды ылайыкташтырууга багытталган бир жылдык “жол картасын” иштеп чыгууну башташты.

Семинарга катышуу кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын сунуштоого жана дары-дармек менен медициналык буюмдарды жөнгө салуунун жалпы регионалдык механизмдерин түзүүгө салым кошууга мүмкүнчүлүк берди.