«Роэль Метрополитен Универститет» билим берүү мекемеси менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык
“Роэль Метрополитен Универститет” билим берүү мекемеси менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында 2025-жылдын 25-ноябрында профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк жөнүндө келишимге кол коюлган.
Ушул жылдын 26-ноябрында түзүлгөн келишимдин алкагында “Роэль Метрополитен Универститет” билим берүү мекемесинин “Морфологиялык жана фундаменталдык” дисциплиналар кафедрасынын бөлүм башчысы жана биология илимдеринин кандидаты – Жалилова Айнагуль Абдисалановна жана ошол эле кафедранын доценти, химия илимдеринин кандидаты Кадыркулова Салтанат Орозкуловналар тарабынан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик унуиверситетинин Эл аралык медицина факультетинин 1-курсунун студенттерине “Медициналык биологиядан”, “Жалпы жана клиникалык биохимиядан” конок лекцияларын жана практикалык сабактарын өтүшкөн.
Бул иш-чаралар академиялык байланыштарды чыңдоо, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу, студенттерди өнөктөш университеттердин илимий иштери менен тааныштыруу максатында өткөрүлдү.

