“Роэль Метрополитен Университет” ББМнин  Профессордук-окутуучулулар  курамына квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр тапшырылды

“Роэль Метрополитен Университет” ББМнин Профессордук-окутуучулулар курамына квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр тапшырылды

Роэль Метрополитен Университет ББМнин  Профессордук-окутуучулулар  курамы 2025 жылдын  13-25 октябрь күндөрү  “Билим берүүнү трансформациялоо шартында педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүү” темасы боюнча  72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүштү.

   Программа педагогдордун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга жана билим берүү системасындагы заманбап кыйынчылыктарга жана өзгөрүүлөрүн   көнүктүрүүгө багытталган.  Окутуунун жүрүшүндө окутуучулар билим берүүнү модернизациялоонун, санариптик технологияларды киргизүүнүн, окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонуунун жана жаңы педагогикалык маданиятты калыптандыруунун актуалдуу маселелерин карашты. Педагогдун жеке өсүү маселелерине, ийкемдүү көндүмдөрдү (педагогикалык) калыптандырууга, ошондой эле сынчыл жана креативдүү ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.  Окутуучулар алган билимдер жана тажрыйбалар өсүп келе жаткан муунду окутуунун жана тарбиялоонун сапатын өнүктүрүү менен өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө заманбап билим берүү технологияларын жана ыкмаларын натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берерин белгилешти.

Университеттин жетекчилиги курска катышкан  бардык окутуучуларына активдүү иши, кызыгуусу жана кесиптик өсүүгө умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирди.