2025-жылдын 22-апрелинде С.Тентишева атындагы Азия медициналык институтунда олимпиада болуп өттү
2025-жылдын 22-апрелинде С.Тентишева атындагы Азия медициналык институтунда «Медицинанын табигый-гуманитардык аспектилери» темасында эл аралык интеграциялык олимпиада болуп өттү. Олимпиядага медициналык ЖОЖдордун студенттери катышты. Роэль Метрополитен Университеттин атынан биринчи курстун студенти Fatima Mamdouh Abdellah Ali «Орус тили» сабагы боюнча катышты. Студентке катышкандыгы үчүн сертификат берилди. Студенттин жетекчиси Доцент Давлетбакова Д.Т. эл аралык интеграциялык олимпиадага активдүү катышкандыгы жана көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык каты менен сыйланды.

