Анатомиялык 3D көргөзмө-конкурс

Анатомиялык 3D көргөзмө-конкурс

2025-жылдын 27-февралында «Роэль Метрополитен Университет» билим берүү мекемесинде «Морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар» кафедрасы адам органдарынын макеттеринин анатомиялык 3D көргөзмө-конкурсун 1-курстун студенттеринин катышуусу менен өткөрдү. Студенттер жогорку активдүүлүктү көрсөтүштү жана абдан жандуу жана кызыктуу макеттерди беришти. Сынактын жыйынтыгы боюнча студенттер сертификаттар жана эстелик белектер менен сыйланышты.