«Роэль Метрополитен Университет» билим берүү мекемеси эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өттү
«Роэль Метрополитен Университет» билим берүү мекемеси 2024-жылдын 24-декабрынан баштап 26-декабрына чейин “Стоматология” адистиги боюнча эл аралык институционалдык аккредитациядан жана эл аралык программалык аккредитациядан 13-жылдын 2028-январына чейин мөөнөткө ийгиликтүү өттү.
Бул ийгилик биздин университеттин билим берүү ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээлин таануу жана анын сапатын эл аралык стандарттарына шайкештигин тастыктоо болуп саналат. Бул студенттерге жана жумуш берүүчүлөргө окуу программалары, университеттин материалдык-техникалык жабдуулары, тажрыйбалуу профессордук-окутуучулук курамы эл аралык талаптарга жооп берерине жана бүтүрүүчүлөрдүн сапаттуу даярдыгына кепилдик берерине ишеним берет.

