«Роэль Метрополитен Университети» билим берүү мекемеси менен Ош эл аралык медициналык университетинин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк

«Роэль Метрополитен Университети» билим берүү мекемеси менен Ош эл аралык медициналык университетинин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк

«Роэль Метрополитен Университети» билим берүү мекемеси менен Ош эл аралык медициналык университетинин ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү жана академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында 2025-жылдын 1-декабрында профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк жөнүндө келишимге кол коюлду.

Түзүлгөн келишимдин алкагында “Роэль Метрополитен Университети” билим берүү мекемесинин “Морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар” кафедрасынын башчысы, биология илимдеринин кандидаты Айнагүл Абдисалановна Жалилова тарабынан Ош эл аралык медициналык университетинин 1-курсунун студенттерине “Медициналык биология” предметинен конок лекция окутулду.

Иш-чара академиялык байланыштарды чыңдоо, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу, студенттерди өнөктөш университеттердин илимий иштери менен тааныштыруу ж.б. максатында өткөрүлдү.