РMУнун окутуучусу Кытайдагы «China–Central Asia Advanced Computing Training Program» аттуу эл аралык окуу программасына катышты
РMУнун ТГД кафедрасынын окутуучусу Токоева Б.Ж. 2026-жылдын 21-январдан 4-февралга чейин Кытай Эл Республикасынын Ухань шаарында «China–Central Asia International Training Program on Advanced Computing» аттуу эл аралык окуу программасына катышты.
Программа заманбап эсептөө системаларынын архитектурасын, колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн жана медицинада маалыматтык технологияларды пайдалануу жолдорун терең түшүнүүгө шарт түздү.
Мындан тышкары, Wuhan Supercomputing and AI Computing Center жана Dameng Database Co., Ltd. мекемелерине болгон иш сапарлар аркылуу өнүккөн эсептөө технологияларынын илимде, өндүрүштө жана саламаттык сактоо тармагында колдонулушу менен тааныштырылды.







