РMУнун окутуучусу Индиядагы Эл аралык ITEC программасына катышты

РMУнун окутуучусу Индиядагы Эл аралык ITEC программасына катышты

РMУнун   ТГД кафедрасынын ага окутуучусу Д.Э. Токобаев 2026-жылдын январь айында үч жума бою “Келечектеги жумушта социалдык коргоо жана жумуш ордундагы коопсуздукка карай”аталыштагы эл аралык программасына катышты. Окутуу Индиянын Нойда шаарындагы В.В. Гири атындагы Улуттук эмгек институтунда өттү.

Бул программа Индия өкмөтүнүн ITEC демилгеси тарабынан уюштурулуп, каржыланган. Мындай деңгээлдеги семинарлар тиешелүү билимдерди жана практикалык тажрыйбаларды гана бербестен, кызматташуу жана биргелешкен илимий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жаңы эл аралык байланыштарды түзүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет.