РМУнун чон залында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу чоң иш-чара өткөрүлдү
2026-жылдын 19-мартында РМУнун чон залында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу чоң иш-чара өткөрүлдү. Нооруз – жаздын келүүсүн, жаңыланууну жана ынтымакты даңазалаган улуу майрам катары Роэль Метрополитен университетинин студенттери менен окутуучуларын бириктире алды.
«Табигый жана гуманитардык дисциплиналар» кафедрасы жана деканат менен биргеликте уюштурулган салтанат аластоо менен башталып, Умай эненин образындагы Табигый жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын доценти Эркебуланова Салый Джусуевна аластоо аземи менен майрамдык иш чараны ачып берди. Майрамдык күнгө карата жалпы жамаатка жана коноктор үчүн боорсок жана сумөлөк ооз тийгизүү уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук каада-салттар көрсөтүлүп, ар улуттуу элдердин бай маданияты чагылдырылды. Студенттер улуттук кийимдерди кийип, ыр-бийлерди аткарып, келген конокторго майрамдык маанай тартуулашты.







