Студенттер жана окутуучулар курамынын ММКФнун адистери менен жолугушуусу

Студенттер жана окутуучулар курамынын ММКФнун адистери менен жолугушуусу

26-Март 2025-жылы «Роэль Метрополитен Университет» билим берүү мекемесинин чоң лекциялык аудиториясында студенттер менен окутуучулардын ММК фондунун адистери менен жолугушуусу болуп өттү.

Лекторлор Асанбекова Гульмира Сарманова жана Черикова Гульмира Кыдыралиевна болушту.

Адистер мамлекеттик кепилдиктер программасы, ММК фондунун полисинин артыкчылыктары жана ММК фондунун 113 тынымсыз байланышынын иши жөнүндө кеңири маалымат беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге медициналык камсыздандыруу системасы тууралуу маалымат берүү боюнча биргелешкен иштерге тиешелүү маселелер каралды.