5-мартта Кыргызстанда кыргыздардын улуттук баш кийими – Ак калпак күнү белгиленет

5-мартта Кыргызстанда кыргыздардын улуттук баш кийими – Ак калпак күнү белгиленет

Кыргызстанда 5-мартта Ак калпак күнү белгиленет. Бул майрам кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпактын урматына арналган.

Бейрасмий түрдө Ак калпак күнү 2011-жылдан тарта белгилене баштаган. Аталган майрамды уюштуруу демилгесин өлкөгө белгилүү режиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан.

Ак калпак эзелтеден кыргыздардын салттуу эркек баш кийими болуп эсептелет жана өзүнө терең улуттук философияны камтыйт. Анын формасы жана үлгүлөрү жылдар бою өзгөргөн жок. Алар аркылуу кыргыздар баш кийимдин ээсинин жашын жана статусун билишкен.

Бүгүн, 5-мартта «Роэль Метрополитен Университет» билим берүү мекемесинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Миталип Мамытович Мамытов менен бирге ак калпак күнү белгиленди.