Кыргызстанда 2019-жылы негизделген «Роэль Метрополитен университети» медицина жана саламаттыкты сактоо тармагында сапаттуу билим берүүнү максат кылган. Университеттин түзүлүшүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана эл аралык өнөктөштөр колдоо көрсөтүп, билим берүүнүн жана инфраструктуранын жогорку стандарттарын камсыз кылууга шарт түзгөн.

«Роэль Метрополитен университети» – бул мамлекеттик эмес билим берүү уюму болуп, билим берүү, илимий, маданий жана социалдык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн түзүлгөн. Университет юридикалык жак катары өз алдынча баланска ээ болуп, банктагы эсептерин (анын ичинде валюта эсептери), университеттин аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары, эмблемасы жана башка реквизиттери бар. Ошондой эле университет өзүнүн бөлүнгөн мүлкүнө ээ болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Уставына жана уюштуруу документтерине ылайык, мүлккө өз алдынча ээлик кылууга укуктуу.

Университет өз алдынча субъект катары толук коммерциялык эсепке алуу, өзүн өзү каржылоо жана өзүн өзү камсыздоо принциптери боюнча иш алып барып, билим берүү, илим изилдөө жана чарбалык-экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзөт.

Биздин миссия: «Илгерилеген илимий билимдерди, инновацияларды жана практиканын жогорку стандарттарын интеграциялоо аркылуу көп маданияттуу өз ара аракеттенүү үчүн медициналык кадрларды даярдоо жана адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу».

Университет Кыргызстанда гана эмес, андан сырткары да калктын саламаттыгын жакшыртууга өбөлгө түзүп, медицина тармагында инновациялар менен илимий изилдөөлөрдүн борбору болууга умтулат.

 

Университеттин негизги этаптары:

  1. Уюштуруу этабы (2018-2019-жылдар):
    Концепцияны иштеп чыгуу, эксперттерди жана өнөктөштөрдү тартуу, окуу программаларын түзүү, кадрларды тандоо.
  2. Каттоо жана лицензия алуу (2019-2020-жылдар):
    Университет билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн мамлекеттик лицензия алып, медициналык адистиктерге студенттерди кабыл ала баштады.
  3. Инфраструктураны өнүктүрүү (2019-2024-жылдар):
    Заманбап окуу жана изилдөө базасын түзүү: окуу корпустары, лабораториялар, китепканалар жана студенттер үчүн жатаканалар.

Бүгүнкү күндө «Роэль Метрополитен университети» «Дарылоо иши» жана «Стоматология» адистиктери боюнча билим берүү программаларын сунуштайт. Бул окуу программалары мамлекеттик стандарттарды жана дүйнөлүк алдыңкы медициналык мектептердин тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан.

Университеттин окутуучулар курамында Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн келген тажрыйбалуу профессорлор жана практикалык дарыгерлер бар, бул студенттерди жогорку деңгээлде даярдоону камсыз кылат.

Университет эл аралык билим берүү жана медициналык мекемелер менен тыгыз кызматташып, илимий конференцияларга жана алмашуу программаларына катышат. Бул студенттер менен окутуучуларга тажрыйба жана билим алмашууга, ошондой эле билим берүү процессине алдыңкы методдорду жана технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет.

2023-жылы университет «Дарылоо иши» адистиги боюнча эл аралык программалык аккредитациядан өтүп, жогорку кесиптик билим берүүнүн сапат стандарттарына шайкештигин тастыктады жана ар кандай деңгээлдеги медициналык уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, дипломду дүйнөлүк деңгээлде таанууга шарт түздү.

Ошентип, «Роэль Метрополитен университети» сапаттуу медициналык билим берүү менен гана чектелбестен, медицина тармагын өнүктүрүүгө жана калктын саламаттыгын жакшыртууга салым кошуп, эл аралык билим берүү коомчулугуна интеграциялануу үчүн активдүү иш алып барат.