Студенттер жана окутуучулар менен МКФнын адистеринин жолугушуусу
2025-жылдын 26-мартында «Роэль Метрополитен Университети» билим беруу мекемесинин дарсканасында Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек шаардык территориалдык башкармалыгынын адистери Асанбекова Гульмира Сармановна жана Черикова Гульмира Кыдыралиевна менен студенттердин, мугалимдердин, кураторлордун жолугушуусу болуп өттү. Лекторлор студенттерге Мамлекеттик кепилдик программасы, медициналык камсыздандыруунун артыкчылыктары жана 113 ишеним номери жөнүндө айтып беришти. Андан сырткары жолугушууда милдеттуу медициналык камсыздандыруу боюнча биргелешкен маалымат берүү жана кызматташуу маселелери талкууланды.