Color Day
2024-жылдын 5-декабрында “Роэль Метрополитен Университети” билим берүү мекемесинде «Түс майрам» – “Color Day” өтүп, студенттер жана окутуучулар үчүн чыныгы өзгөчө окуяга айланды. Иш чаранын максаты – түстөр аркылуу чыгармачылык, кубаныч жана позитивдүү эмоциялардын атмосферасын түзүү, ошондой эле университеттин студенттери арасында биримдик жана социалдык активдүүлүктү күчөтүү болчу.
Студенттер жана окутуучулар иш-чарага түрдүү жана жаркын түстөгү кийимдерди кийип келишип, майрамдын жана биримдиктин унутулгус атмосферасын түзүштү. Университет жандуу программа уюштуруп, анда студенттер өз таланттарын көрсөтүштү. “Color Day” майрамы чыгармачылыкты белгилөөнүн гана эмес, студенттер жана окутуучулар үчүн биримдик жана позитивдүү эмоцияларды сезүү мүмкүнчүлүгү болуп, түстүн адамдын жашоосундагы маанисин жана ролун баса белгиледи. Мерчеме жаркын эскерүүлөрдү калтырып, анын бардык катышуучуларына көптөгөн позитивдүү эмоциялар тартууланды.