Кафедра башчысы
Аты-жөнү: Субанов Мирлан Турдубекович
Илимий даражасы:
Илимий наамы:
Байланыш:
- Кыргыз Республикасы 720007, Бишкек ш., Москва көч.,172, 201-кабинет
- dnhd@rmu.edu.kg
- Телефон: +996 312 31 71 40
Кафедра жөнүндө
«РМУ» Билим берүү мекемесинин Табигый жана гуманитардык дисциплиналар
кафедрасы университеттин эң маанилүү структуралык бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат
жана студенттерге медициналык кесиптин ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн зарыл болгон негизги
дисциплиналар боюнча фундаменталдык билим берүүнү камсыз кылат.
Кафедранын милдеттери
Бөлүмдүн негизги максаты:
Студенттерге табигый-гуманитардык илимдер тармагындагы билимдерди жана
көндүмдөрдү берүү: бул медицина тармагында андан ары билим алууга жана кесиптик
ишмердүүлүк үчүн негиз түзөт.
Кафедранын билим берүү максаттары:
- Студенттерде гуманитардык жана табигый илимдердин өз ара байланышын,
ошондой эле алардын медициналык практикадагы негизги ролун терең түшүнүүгө
багытталган сапаттуу билим берүү процессии камсыз кылуу. - Медициналык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алган жана заманбап талаптарга
ылайыкташтырылган окуу программаларын, курстарды жана семинарларды иштеп
чыгуу жана өткөрүү. Программалар гуманитардык илимдерди да, табигый
илимдерди да камтыйт жана келечектеги кесип жөнүндө бирдиктүү түшүнүктү
калыптандырат. - Билим берүү процессинин актуалдуулугуна багытталган окутуунун инновациялык
ыкмаларын киргизүү. Биз студенттердин билимди жана практикалык көндүмдөрдү
активдүү өздөштүрүүсүнө шарт түзгөн заманбап билим берүү технологияларын
жана интерактивдүү ыкмаларды колдонобуз. - Студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн жана коммуникациялык көндүмдөрүн
өнүктүрүү, ошондой эле медициналык практиканын ажырагыс бир бөлүгү болгон
этикалык принциптерди жана кесиптик этиканын стандарттарын жайылтуу. - Медицинанын гуманитардык жана табигый илимдер боюнча билимдерин
тереңдетүүгө багытталган илимий-изилдөө иштерине активдүү катышуу. Бул
студенттердин теориялык билимдерингана кецейтпестен, аны практикада
колдонууга да шарт түзөт. - Студенттердин кесиптик компетенцияларынын гармониялуу өнүгүшүнө өбөлгө
түзгөн окутууга комплекстүү жана дисциплиналар аралык мамилени камсыздоо
үчүн башка бөлүмдөр менен кызматташуу. - Окутуунун интерактивдүү формаларына басым жасоо: талкуулар, топтук иш жана
материалды өз алдынча үйрөнүү студенттерге маалыматты жакшыраак
өздөштүрүүсүнө жана аны практикалык иш-аракеттерде колдонууга жардам берет.